Редакцияот 18.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 28 майы № 28-44/1

 

Жер тилкелерин кабыл алуу жана бѳлʏп берʏʏ ʏчʏн макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

 

         Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Сагымбаевдин Р-1 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 28-майындагы, чыг:№01-16/2403 катын карап, жана Каракол шаарынын мэри Ф.А.Алжамбаевди, Кыргыз Респрубликасынын Жер кодексине жана «Муниципалдык менчик жѳнʏндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сунушун талкуулап,   Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXXIV сессиясы,

                                                                

                                                                    токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Ɵзгѳчѳ Кырдаалдар Министрлигинин Каракол шаары боюнча башкармалыгынын, Каракол шаарынын Н.Айтматова, №10 дарегинде жайгашкан, окуу мунарасынын аянты 1,02 га жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын «Кашка-Суу» кичирайонунун батыш тарабындагы, Т.Сыдыкбеков атн жана Ипподромная кѳчѳлѳрʏнʏн кесилишинде, аянты 1,02 га жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Ɵзгѳчѳ Кырдаалдар Министрлигинин Каракол шаары боюнча башкармалыгына мѳѳнѳтсʏз пайдаланууга бѳлʏп берсин.
  3. Ж-5 (кѳп кабаттуу турак жай аянты зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарынын «Кашка-Суу» кичирайонунун батыш тарабында жайгашкан, Т.Сыдыкбеков атн жана Ипподромная кѳчѳлѳрʏнʏн кесилишиндеги, аянты 1,02 га жер тилкеси, С-3 (ѳзгѳчѳ режим зонасы) зонасына которулсун.
  4. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюсуз аткаруусун камсыз кылсын.

5.   Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн

      областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6.   Токтом ММКларда жарыялансын.

7.   Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,

      курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол

      шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

        Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов