АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин IV- чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы
2024-жылдын 17-июлу № 82
Айдаркен шаардык мэриясынын №01-06/676 сандуу сунуш катынын жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү жана акча каражаттарын жылдыруу жѳнүндѳ
Айдаркен шаарынын Коомдук алдын алуу борборунун жана Айдаркен шаарынын депутаты У.Нишановдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 35-сессиясынын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айдаркен шаардык мэриянын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн 2221 беренесиндеги “Стадиондун отургучтарын оңдоп түзѳѳгѳ жана стадионду оңдоого” каралган бир миллион сом акча каражатынын “Коомдук алдын алуу борборуна” долбоорлорго ѳздүк салымга беш жүз миң сом, Кичи-Айдаркен айылынынын ички жолдорун оңдоо үчүн 30 тонна цемент жана 1200 метр тор зым (сетка мак) алууга эки жүз элүү миң сом жана Москва шаарындагы “Айдаркен” коомунан келген балдар ойноочу эмеректерди орнотуу үчүн эки жүз элүү миң сом акча каражаттары беренеден беренеге жылдырылбай, ѳзгѳртүүлѳр киргизилип бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы шаардык мэриянын финансы-экономикалык бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин алдындагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
- Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.К. Кожомбердиев |