Редакцияот 20.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин IV- чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

 

2024-жылдын 20-августу № 83

 Айдаркен шаарынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасын бекитүү жѳнүндѳ

Айдаркен шаарынын мэри А.С.Мурзажановдун сунуш каты менен таанышып, угуп талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши

 

                                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1.     2024-2026-жылдарга карата Айдаркен шаарынын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.     Айдаркен шаарынын мэри А.С.Мурзажановго социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасындагы иш-чараларды толугу менен аткаруу жана акча каражаттарды рационалдуу пайдалануу жагы тапшырылсын.

3.     Токтомдун аткарылышын жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.

4.     Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

Төрага

А.К. Кожомбердиев

Айдаркен шаардык кеңешинин                          IV-чакырылышынын 36-сессиясынын №83 токтомуна тиркеме (26 баракта)

2024-2026 – жылдарга Айдаркен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы                                              

МАЗМУУНУ:

I-бөлүк. Айдаркен шаарынын азыркы күндөгү абалы

-       Айдаркен шаарынын мэринин кайрылуусу

-       Кыскартуулар

-       Айдаркен шаары боюнча кыскача маалымат (социалдык паспорт)

II-бөлүк. Өнүгүү стратегиясы

-       Шаар аймагына ыйгарылган милдеттер боюнча кабыл алынган иш-чаралар (2024-2025-2026 – жылдарга өзүнчө иш-чаралар)

-       Жогорудагы иш-чаралардан тышкары жергиликтүү бюджеттен жасалып жаткан иш-чаралар

(милдет негизинде кабыл алган иш-чаралардын аткарылышы шаардык Кеңешинин сессиясында квартал сайын каралат жана иш-чараларнын ичинен ири иш-чаралар райондун Өнүгүү программасына камтылат)

-       Шаардык мэриясынын аймагындагы республикалык бюджет эсебинен курулуп жаткан социалдык имараттардын курулушу жөнүндөгү иш-чаралар

(бул иш-чаралар толугу менен райондун Өнүгүү Программасындагы иш-чарасына камтылат, айыл аймагы жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

-       Донорлор кредиттик уюмдар жана чет элдик грант эсебинен курулуп жаткан жол, суу, чек ара, электр энергия тармагындагы курулуштар жана социалдык имараттар жөнүндөгү иш-чаралар

(бул иш-чаралар толугу менен райондун Өнүгүү Программасындагы иш-чарасына катылат, айыл аймагы жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

III-бөлүк. Өнүгүүнүн стратегиясындагы акча талап кылган инвестициялык долбоорлор 2024-2025-2026-жылдарга.

IV-бөлүк. Өнүгүүнүн стратегиясындагы Шаар мэриясынын натыйжалуулугун баалоо системасы 2024-2025-2026 - жылдарга.

V-бөлүк.

-       Өнүгүү чегин тандоо

-       Айдаркен шаардык мэриясынын структурасы

 

I-бөлүк. Айдаркен шаарынын азыркы күндөгү абалы

Айдаркен шаарынын мэринин кайрылуусу.

Айдаркен шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин депутаттары менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 20-январындагы №11 “2024-2026-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясындагы”  же болбосо мамлекетибиздин өнүгүүсүн “Жол картасындагы” коюлган милдеттерди шаар аймагында, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде, ыйгарылган укуктар жаа милдеттердин негизинде, Айдаркен шаардык мэриясынын “2024-2026-жылдарга өнүгүү программасын” иштеп чыктык.

Анда: биринчи иретте аймакты, регионду өнүктүрүү боюнча, атайын программаларды иштеп чыгуу, инвестиция тартуу менен аймакта жайгашкан кен байлыктарды иштетүү, токтоп калган ишканаларды ишке киргизүү, жаңы ишканаларды ачуу жана башка экономиканы өнүгүүсүнө шарт түзүүчү бардык иш-чараларды аткаруу менен, эң негизги шаарда жашаган тургундардын турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чараларды кабыл алдык.

Айдаркен шаардык мэриясы жана шаардык Кеңештин депутаттары менен биргеликте, жогоруда аталган иш-чараларды аткаруу менен, жергиликтүү шаарда жашаган ар бир тургунду “өзүн өзү камсыздоо”, “өзүн өзү каржылоо” принциби менен жашоого үндөө, элдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аларга жаңы жумуш ордун түзүү, кредит, микрокредит алып берүү биздин милдет экенин белгилейбиз.

Айдаркен шаары негизинде шаарыбыздагы ири деп аталган сымап комбинатынын ишмердүүлүгүнүн жана жеке ишкерлерибиздин салыктарынын багытында иш жүргүзөт. Ошону менен бирге мындан ары да кен байлыктарды иштетүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү бар.

Жыйынтыктап айтканда, биздин программа Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдардын негизинде Айдаркен шаардык мэриясынын 2024-2026 – жылдарга программасы жазылды.

 

 

 

 

 

 

II-бөлүк. Өнүгүүнүн стратегиясы

 

2024-жыл

Айдаркен шаардык мэриясынын өнүгүү программасынын иш-чаралары:

 

2024-жыл үчүн Айдаркен шаардык мэриясынын  21-милдети боюнча кабыл алынган иш-чаралары: