КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIV сессиясы
2024-жылдын 28 майындагы №28-44/2
Каракол шаардык Кенешинин «Каракол шаарынын 2024-жылга жергиликтʏʏ бюджетин жана 2025-2026-жылдарга болжол жѳнʏндѳгʏ» токтомуна ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Ф.А.Алжамбаевдин, 2024-жылдын 28-майындагы, кир:№ 01-16/2402 Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин, 2024-жылдын 27-майындагы, Каракол шаарын мындан ары социалдык-экономикалык жактан ѳнʏктʏрʏʏ максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жѳнʏндѳ» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIV сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Толумбекова Г), 2024-жылга, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин чыгаша жана киреше бѳлʏктѳрʏнѳ, 740 800 000 (жети жʏз кырк миллион сегиз жʏз миң) сом ѳлчѳмʏндѳ ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ, республикалык бюджеттен трансферттердин кѳлѳмʏнʏн кѳбѳйʏшʏнѳ байланыштуу, Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгына бѳлʏп берсин:
· 242 040 000 - стадионду реконструкциялоого жана эки футбол аянтчасын курууга;
· 267 170 000 - агрардык борборду курууга;
· 206 915 000 – мектептин курулушуна;
· 24 675 000 – атайын жабдууларды сатып алуу ʏчʏн.
- Каракол шаарынын мэриясы, келип тʏшкѳн акча каражаттарды, Каракол шаарын 2024-жылга ѳнʏктʏрʏʏ боюнча иш-чаралар планынын тиркемесине ылайык ѳздѳштʏрсʏн.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
- Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов