КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-отуруму
2023-жылдын 16-августу №23 / 1
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын, жөлөк пулдардын, жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшүндө социнспектордун, соцкызматкердин жана байланыш кызматкерлердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123-чү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 37,39-беренелерине ылайык , Саламаттыкты сактоо,социалдык,маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүү маалыматын угуп, Коңур–Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын, жөлөк пулдардын, жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшүндө,аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана тиешелүү гуманитардык жардамдарга муктаж болгон атуулдарга кызмат көрсөтүүдө социнспектордун, соцкызматкердин жана байланыш кызматкерлердин аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айрым кемчиликтерди жөнгө салуу жана аткарылган иштер боюнча маалымат берүү Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Р.Маматумаровага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Бегматов |