Редакцияот 18.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 28 майындагы №28-44/3

 

Р-4 зонасынын уруксаат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрдѳрʏнʏн тизмегине толуктоону киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

         Каракол шаарынын мэри Ф.А.Алжамбаевдин Р-4 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 28-майындагы, чыг:№01-16/2406 катын карап, жана талкуулап,   Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXXIV сессиясы,

                                                                

                                                                    токтом кылат:

 

  1. Р-4 (рекрециялык жана ландшафттык аймактардын зонасы) зонасынын уруксаат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, Манас №н/жок (Пржевальск) кѳчѳсʏ, Кʏчʏков шоссеси н/жок кѳчѳсʏ, Кадыров н/жок кѳчѳсʏнʏн тарабында жайгашкан, жалпы аянты 2 га болгон жер тилкеси Ц-3 (базарлар жана дʏн соода зонасы) зонасына которулсун.
  2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн толуктоону киргизсин.

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюсуз аткаруусун камсыз кылсын.

3.   Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн

      областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.   Токтом ММКларда жарыялансын.

5.   Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,

      курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

 

 

        Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов