КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-отуруму
2023-жылдын 16-августу №23 / 2
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123-чү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 37,39-беренелерине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Коңур–Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштериндеги айрым кемчиликтерди жоюу,аткарылганы боюнча маалымат берүү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Гүлзада Кимсанбай кызына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | Т.Бегматов |