КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-отуруму
2023-жылдын 16-августу №23 / 3
Боз-Караган айылынын тургуну Кочкорова Кулпунайдын арызын кароо жөнүндө
Боз-Караган айылынын тургуну 1-топтогу майып Кочкорова Кулпунайдын жашоо шартын карап, майыптыгын, жалгыз бойлугун эске алып айылдык кенешке жазган арызынын жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32- беренесине ылайык Конур-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Боз-Караган айылынын тургуну 1-топтогу майып Кочкорова Кулпунайга үй салуу үчүн жер бөлүп берүү жана тиешелүү иш документтерин бүтүрүп берүү жагы Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Пасановго милдеттендирилсин.
Төрага : | Т.Бегматов |