КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXXXV сессиясы
2024-жылдын 25-июнундагы №28-45/3
«Ак Тилек» базарын Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 19-июнундагы, чыг.№01-16/2930, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXXXV сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Торгоев н/ж дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2,9 га болгон, «Ак Тилек» базарын, кыймылсыз мʏлкʏ менен муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Каракол шаарынын мэриясына, кайрадан муниципалдык менчикке ѳткѳн «Ак Тилек» базарын, юридикалык же жеке жактардын жеке менчигине ѳткѳрʏп берʏʏгѳ жана сатууга тыюу салынсын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов