Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомуна)
Кепилдик катышуу эрежелери жана шарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Колдонуу тармагы
1. Ушул Жобо "Органикалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык иштелип чыккан жана кепилдик катышуу тутумунда (PGS) органикалык өндүрүштү жана органикалык өндүрүмдү ыктыярдуу сертификаттоонун негизги принциптерин жана эрежелерин белгилейт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) коллегиялык баалоо - органикалык өндүрүштүн операторлору - өндүрүштүн бир жергиликтүү тобунун мүчөлөрү тарабынан жергиликтүү топтун башка мүчөлөрүн же башка жергиликтүү топтордун өндүрүштөрүн текшерүү жана баалоо процесси;
2) координациялык орган - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) алкагында чечимдерди каттоо, координациялоо, контролдоо жана бекитүү үчүн кепилдик катышуу тутумунун (PGS) ыйгарым укуктуу органы;
3) PGS милдеттенмеси - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) эрежелерине жана стандарттарына ылайык органикалык өндүрүштүн тутумун сактоого милдеттенген органикалык өндүрүштүн операторунун жазуу жүзүндөгү документи;
4) текшерүү - өндүрүштүн органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана стандарттарына шайкештигин текшерүү үчүн сертификаттоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн объектке баруусу;
5) керектөөчүлөр - PGSке кошулган органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөр, жеке жактар же керектөө коомдоштуктарынын өкүлдөрү;
6) сапатты камсыздоо тутуму - өнүмгө жана/же өндүрүш процессине тиешелүү көрсөтүлгөн талаптардын макулдашылган тартипте аткарылгандыгын жана контролдонгондугун талашсыз далилдеген система.
3-глава. Жалпы жоболор
3. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) - катышуучулары үчүнчү тараптын сертификаттоосунун алкагынан тышкары иштеген, органикалык өндүрүмдүн шайкештигин жана сапатын камсыз кылуунун жана ырастоонун өз алдынча башкаруу тутумун билдирет.
4. Өндүрүштү талдоо жана баалоо, өндүрүш процессин контролдоо, өндүрүштү сертификаттоо ички процесстер болуп саналат жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) түзүмдөрү жана катышуучулары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) өсүмдүк өстүрүүнү, кайра иштетүүнү, мал чарбачылыгын (анын ичинде балчылыкты) кошкондо, айыл чарба ишинде колдонулат.
6. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) ташууну жана өндүрүмдү рынокто илгерилетүү боюнча ишти кошкондо, өндүрүштөн тышкары кайра иштетүү боюнча ишке колдонулбайт.
7. Кепилдик катышуу тутуму (PGS) алар бириккен топ катары уюшууга, аракеттенүүгө мүмкүн болгон жана бир айыл аймагынын чегинде жайгашкан органикалык өндүрүштүн операторлору (фермерлер же алардын бирикмелери) үчүн гана арналган.
8. Органикалык өндүрүштүн айрым операторлору (фермерлер) же органикалык өндүрүштүн операторлорунун бештен аз сандагы органикалык өндүрүштүн операторлорунун (фермерлердин) топтору кепилдик катышуу тутумуна (PGS) кирбейт.
9. PGS сертификаттоосу органикалык өндүрүштүн операторунун же жергиликтүү топтун бардык өндүрүшүнө жана өзүнчө өнүмгө эмес, өндүрүштүн бардык өндүрүмүнө колдонулат.
4-глава. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) негизги принциптери
10. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ачыктык - кепилдик катышуу тутуму (PGS) тутумдун эрежелерин тааныган, органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн кирүүсү үчүн ачык;
2) ачык-айкындуулук - так аныкталган жана документтештирилген тутумдун жана операциялык процесстердин болушу;
3) көз карандысыздык - тутумда чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору алардын өндүрүмдү өндүрүү процессин баалоо натыйжаларына кызыкдар тараптардан көз карандысыздыгын камсыз кылат;
4) айкындуулук - маанилүү негиз болуучу документтер, ошондой эле баалоо критерийлери, өндүрүмдү өндүрүү процессинин талаптары кызыкдар тараптардын, анын ичинде керектөөчүлөрдүн коомдоштуктарынын, өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн, эксперттик уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык талкуулоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат;
5) объективдүүлүк - кепилдик катышуу тутумундагы (PGS) чечимдер текшерилүүчү так маалыматтардын негизинде кабыл алынат;
6) ишенимдүүлүк - кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын өндүрүштүн органикалык стандарттарын сактоонун эсебинен табигый чөйрөнү коргоо жана керектөөчүлөрдүн ден соолугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү көз карашты жактоосу.
5-глава. Кепилдик катышуу тутумунун негизги стандарттары жана эрежелери
11. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары (өндүрүүчүлөр, керектөөчүлөр жана ар түрдүү башка тараптар) төмөнкүлөрдү аныктайт:
- органикалык өндүрүштүн эрежелери жана талаптарга шайкештик стандарттары, аларга кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучуларынын өндүрүшүн баалоо жүргүзүлөт;
- органикалык өндүрүштүн бекитилген эрежелерине жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) стандарттарына шайкештигинин өз критерийлери.
12. Стандарттарды, өндүрүш эрежелерин жана аларга шайкештик критерийлерин тандоо кепилдик катышуу тутумуна (PGS) катышкан негизги кызыкдар тараптар менен макулдашылат.
13. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) бардык кызыкдар тараптары органикалык өндүрүштүн стандарттарын тандоодо чечимдерди кабыл алуу процесстерине, бул стандарттарга шайкештик критерийлерин жана PGS тутумунун ишинин жалпы жол-жоболук эрежелерин иштеп чыгууга катышат.
14. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) катышуучулары тарабынан тандап алынган органикалык өндүрүштүн стандарттары PGS органикалык өндүрүшүнүн базалык стандарттары катары кабыл алынат.
15. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) эрежелери жана стандарттары органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана стандарттарга каршы келген ченемдерди камтыбоого тийиш.
16. Кепилдик катышуу тутумунун (PGS) эрежелеринде жана стандарттарында PGS катышуучуларына карата өндүрүлгөн органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин жана катышуучулардын ар түрдүү жактардын кызыкчылыктарын козгогон иш-аракеттеринин маалыматтык ачыктыгын аныктоочу талаптар каралат.