Редакцияот 18.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

                                                              ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXXXV сессиясы

 

2024-жылдын 25-июнундагы № 28-45/8

 

Каракол шаардык Кенешинин, 2024-жылдын 28-майындагы №28-43/16 «СХ-1 зонасында жерди пайдалануунун негизги уруксаат берилген тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳгʏ» токтомуна кошумча киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 19-июнундагы, чыг:№01-16-2914 «Каракол» эл аралык аэропортуна жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ  катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXXXV сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Каракол шаардык Кенешинин, «СХ-1 зонасында жерди негизги уруксаат берилген пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ» 2024-жылдын 28-майындагы, №28-43/16 токтомунун 2 пунктуна, «Каракол шаарынын мэриясы, бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жʏргʏзсʏн» деген сѳздѳрдѳн кийин, «жана Каракол шаарынын Кʏчʏков атн шоссе дарегинде жайгашкан 3,7 га жер тилкесин, «Каракол» эл аралык аэропортуна мѳѳнѳтсʏз пайдаланууга берилсин»-деген сѳздѳр кошулсун.
  2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  3. Токтом ММКларда жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

 Тѳрага                                                                                                         Т.Ж.Акимканов