Редакцияот 18.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

                                                          ТОКТОМ

 

 Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXV сессиясы

 

2024-жылдын 25-июнундагы № 28-45/10

 

Н.М.Пржевальскийдин эстелигин кѳчʏрʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 19-июнундагы, чыг:№01-16-2924 Н.М.Пржевальскийдин эстелигин эл аралык «Каракол» аэропортунун унаа токтотуучу жайынан кѳчʏрʏʏ жѳнʏндѳгʏкатын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXV сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Н.М.Пржевальскийдин эстелигин эл аралык «Каракол» аэропортунун унаа токтотуучу жайынан, Пристань шаарчасында жайгашкан, К.Карасаев-Н.М.Пржевальский музей-комплексинин аймагына кѳчʏрʏʏгѳ уруксаат берилсин.
  2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  3. Токтом ММКларда жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

        Тѳрага                                                                                              Т.Ж.Акимканов