Редакцияот 04.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 24-отуруму

2023-жылдын 4-сентябры №24 / 2

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караган ФАПтарды (фельдишердик акушердик пункттарды) өкмөттүн балансасынан чыгарып, Алай райондук жалпы дарыгердик борборунун(АЖДБ) балансасына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123-чү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 28,29,34,67-беренелерине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Коңур–Дөбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караган ФАПтар (фельдишердик акушердик пункттар) (Курманжан Датка-200 жана Арпа-Тектир эмканалары) өкмөттүн балансасынан чыгарылып, Алай райондук жалпы дарыгердик борборунун(АЖДБ) балансасына өткөрүлүп берилсин.

 

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгарып тиешелүү иш кагаздарын даярдап тактап өткөрүп берүү жагы башкы эсепчи Ж.Исаковага милдеттендирилсин.

 

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Бегматов