Редакцияот 04.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 24-отуруму

2023-жылдын 4-сентябры №24 / 1

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир эмканасынын эски имаратынын жер тилкесинин жарымын китепканага өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123-чү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 28,29,34,67-беренелерине ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Коңур–Дөбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караган Арпа-Тектир эмканасынын эски имаратынын жер тилкесинин жарымы № 5 Арпа-Тектир китепканасына өткөрүлүп берилсин.

 

2. Жер тилкени бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап тактап өткөрүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.

 

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Бегматов