ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 27- сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин кирешеси 2 129 495 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 805 255 сом
- жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө 10 000 сом
- чабандарга жайыт пайдалануу боюнча маалымат берүү (окутуу) 10 000 сом
- Жарнама чыгымдарына 15 000 сом
- жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына 499 688 сом
- эсепчинин эмгек акысына 305 886 сом
- жайыт жыйымын чогултуучуга 227 981 сом
- социалдык чегерүүгө 152 685 сом
- сапар чыгымдарына 60 000 сом
- орхтехника сатып алууга 20 000 сом
- мебель сатып алууга 6000 сом
- байланыш кызматтарына 5000 сом
- концелярдык товарга 12 000 сом жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |