Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ  АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 27- сессиясы

2023-жылдын 9-февралы  № 4

Чоң-Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын сунушун кароо  жөнүндө

Чоң-Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын мобилдик операторлордун базалык станцияларынын ижара акыларын көтөрүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  27-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мобилдик операторлордун базалык стациялардын ижары акылары айына 7000 сом болуп бекитилсин.

2. Мобилдик  операторлордун базалык стациялардын ижары акыларын өндүрүү жана келишимдерди түзүп тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С. Мойдунов