Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ  АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 27- сессиясы

2023-жылдын 9-февралы  № 7

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл окмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын  8-февралындагы № 276 чыгыш сандуу Дара участкасындагы “Котур-Булак” суусун эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу булак катары колдонуу үчүн, Дароот-Коргон айылындагы Коргондун ордун тарыхий, маданий жай катары колдонуу үчүн жана Дароот-Коргон айылынын баты тарабындагы Кызыл-Суу дарыясынын сол тарабындагы карагай эгилген 7500,0 м2  жер аянтын Рахманкул Хан эс алуу паркы катары колдонуу үчүн статус берүү жөнүндө кайрылуусун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  27-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Дароот-Коргон айылындагы мурдагы Кул Датканын Коргонунун орду турган Коргону менен бирге тарыхий, маданий мурас катары эсепке кабыл алынсын.

2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дара участкасындагы “Котур-Булак” суусун эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу булак катары колдонууга макулдук берилсин.

3. Дароот-Коргон айылынын батыш тарабындагы Кыызыл-Суу дарясынын сол тарабындагы карагай эгилген 7500,0 м2  жер аянты Рахманкул Хан эс алуу паркы деп аталсын жана  колдонууга берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С. Мойдунов