Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу № 43

Орозбеков айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчёту  жөнүндө.

 

     Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча берген отчёту канаатандырарлык деп табылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ө. Ибрагимовго жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев