ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 44
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кайрадан калыбына келтирүү үчүн реабилитациялык борбор курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын 52-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кайрадан калыбына келтирүү үчүн реабилитациялык борбор курууга 50 сотых жер аянты ажыратылып берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |