ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 47
Орозбеков айыл өкмөтүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевдин баяндамасын угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрацияжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевдин берген отчету жактырылсын.
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн максаттуу пайдалануу жагы социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |