ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын жетекчиликке алып, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймактарында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын.
2.Будалык, Жаңы-Алай Гүлчө айыл аймактарын бириктирип, Гүлчө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Гүлчө айыл аймагы деп аталсын.
3.Ош облусунун Алай районунун Будалык, Жаңы-Алай жана Гүлчө айыл аймактарында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча уюштуруу иш-чаралары көрүлсүн.
4.Бул токтом расмий түрдө rayken.kg сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент боюнча Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, Кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Т.Исмаилов