ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 52
Айыл аймактагы мектептерге комуз сатып алууга каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 16-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймакта элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүү масктында, аймактагы мектептерге кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комуз сатып алууга айыл өкмөттүн бюджетинен 100 000(жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |