Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму

2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/4

Гүлчө  айылынын Ош-Хорог  жолунун 80-километрине  жайгашкан “ДЖЕКСОН-ИНТЕРНЕЙШНЛ-ЛТД” Индиялык компаниясына убактылуу 25жылдык  ижара  мөөнөт менен АЗС (муңай заттарын сактоочу жана  сатуучу  станция) куруу үчүн бөлүнүп берилген  АЗС жайгашкан жер  тилкесин, имаратты  эмеректери менен  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  кабыл алуу  жөнүндө

Гүлчө айылдык Кеңешинин  7-чакырылышынын  кезектеги  19-отуруму, Гүлчө  айыл  өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Р.Какаровдун баяндамасын угуп,талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү   өз  алдынча   башкаруу    органдары  жөнүндөгү»      Мыйзамынын     34-беренесинин   2-пунктарынын  негизинде  Гүлчө айылдык   Кеңеши                              

                                               Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Гүлчө  айылынын Ош-Хорог  жолунун  80-километрине  жайгашкан “ДЖЕКСОН-ИНТЕРНЕЙШНЛ-ЛТД” Индиялык  компаниясынын убактылуу  25-жылдык мөөнөт менен  АЗС (муңай заттарын  сактоочу  жана сатуучу станция)  куруу үчүн бөлүнүп берилген  жана  имаратынын убактылуу  пайдалануу мөөнөтү  2023-жылдын 10-июлунда   бүткөндүгүнө  байланыштуу АЗС жайгашкан жер  тилкесин, имаратты  эмеректери менен  айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине кабыл  алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын мыйзам  чегинде камсыз  кылуу   жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге    тапшырылсын.

3.АЗСнын  имаратын   жана  эмеректерин  айыл  өкмөттүн  балансасына өткөрүп   алуу жагы   ФЭБ башчысы М.Тажиковага  милдеттендирилсин.

4. Кабыл  алынган  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  жер, муниципалдык менчик, коммуникация, жол   ж.б   боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                       К.Т.Исмаилов