Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму

2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/5

Курманжан датка айылынын тургуну  жарандык милдетин  аткарып жатып  каза болгон   Рабидин  уулу Тынчтыкбектин  ысымын өзүнүн көчөсүнө  ыйгаруу   жөнүндө

        

Гүлчө  айылдык Кеңешинин   7-чакырылышынын кезектеги   19-отуруму, Курманжан датка айылынын айыл башчысы К.Кадырованын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү   өз алдынча    башкаруу    органдары жөнүндөгү»      Мыйзамынын      34-беренесинин    2- пунктарынын         негизинде  Гүлчө айылдык   Кеңеши

 

                                              Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.Гүлчө айыл аймагына  караштуу Курманжан   датка   айылынын өзү   жашаган   көчөсүнө   Рабидин  уулу Тынчтыкбектин ысымы  ыйгарылсын.

2.  Рабидин  уулу Тынчтыкбектин  ысымы  ыйгарылган  көчөгө кеткен  чыгымдар Чоңмурунов Рабидиндин  үй-бүлөөсүнө жүктөлсүн.

3.  Кабыл  алынган токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,укук тартибин  чыңдоо жана алардын  ишмердүүлүктөрү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                       К.Т.Исмаилов