Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу № 55

“Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобого” толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Орозбеков айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айыл аймагынын Кулду айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнуктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Кулду айылына уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
  1. “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобо” 8-бөлүм менен толукталып бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков  айыл окмотунун башчысы        З.Н. Максутовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев