ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 57
Кадамжай районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуш берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын баяндамасын угуп, Кадамжай райондук администрациясынын 29.07.2024-жылдагы чыгыш №01-17/2793 сандуу катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Тамаша айылынын социалдык абалын жакшыртуу максатында таза суу менен камсыздоо үчүн өзүнүн каражатынын эсебинен 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомдук суу түтүктөрүн жана керектүү жабдууларды алып бергендиги үчүн Тамаша айылынын тургуну Мажитова Бегайым Мажитовна Кадамжай районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу айыл өкмөттүн соц адисине милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |