ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 58
Орозбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын баяндамасын угуп, 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамына, Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кадамжай ЖДПБ нун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоонун отличниги Орозбеков айылынын тургуну Макканов Таалайбек Бекназаровичке саламаттыкты сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги, Орозбеков айылынын социалдык абалын жакшыртууга кошкон салымы үчүн Орозеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Кызыл-Булак айылынын социалдык абалын жакшыртуу максатында өзүнүн Ажылык сапарга барам деген каражатына Гайрат айылы менен Кызыл-Булак айылынын Сур-Таш участкасын байланыштырган сметалык баасы 535 000(беш жүз отуз беш миң) сом болгон көпүрөө куруп элге жакшы шарт түзүп бергендиги үчүн Гайрат айылынын тургуну Нури Кочкоровага Орозеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орозбеков айыл кеңешинин этика жана мыйзамдуулук, адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |