ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/10
Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган А.Үметалиев көчөсүндө жайгашкан эски, курулушу толук бүтпөгөн Б блогундагы бош жаткан имараттан Алай райондук тиш дарылоо борборуна бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму, Алай райондук тиш дарылоо бөлүмүнүн башкы дарыгеринин билдирүүсүн угуп, Кыргыз республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун 12-подпунктуна жана 11-беренесинин 2-пунктуна негизденип жана КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, А.Үметалиев көчөсүндө жайгашкан, эски, курулушу толук бүтпөгөн Б блогундагы бош жаткан имараттан Алай райондук тиш дарылоо борборуна бөлүп берүү жөнүндөгү арызы канаттандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация жана жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Т.Исмаилов