Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 25-отуруму

2023-жылдын 29-сентябры №25 / 6

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро жана Арпа-Тектир айылдарынын жалпы узундугу-2295 км жолго түнкү жарыктандыруу орнотуу боюнча демилгелүү топ сунуш кылган долбоору жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро (1060км) жана Арпа-Тектир (1235км) айылдарынын жалпы узундугу-2295 км жолго түнкү жарыктандыруу орнотууга байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылынын узундугу-1060 км жолго түнкү жарыктандыруу орнотууга байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып региондорду өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 3625534сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымдан 150000 сомдук өздүк салымды Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен бөлүп берүү сунушталсын.

2.   Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылынын узундугу-1235 км жолго түнкү жарыктандыруу орнотууга байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып региондорду өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 3625534 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымдан 150000 сомдук өздүк салымды Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен бөлүп берүү сунушталсын.

 

3.   Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Г.Кимсанбай кызына жүктөлсүн.

 

Төрага :

Т .Бегматов