ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 62
Өндүрүш айылынын Кызыл-Мазар участкасына сугат суу тартып келүүгө каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Өндүрүш айылынын Кызыл-Мазар участкасына сугат суу тартып келүү үчүн пластик түтүк сатып алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |