КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 26-отуруму
2023-жылдын 3-ноябры №26 / 1
Конур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын үчүнчү көчөсүнө маркум Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Кадыров Насирдин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Админстрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Конур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Конур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын үчүнчү көчөсү Кадыров Насир атындагы көчө болуп аталсын.
2. Көчөнүн жарыктандырылышы, иретке келтирилиши Кадыров Насирдин балдарына жүктөлсүн.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Кимсанбай кызына тапшырылсын.
Төрага : | Т .Бегматов |