ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 65
Кулду айылындагы Мөмө-жемиштерди кургатуучу цехин ижарага берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Орозбеков айыл аймагынын жергиликтуу кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагынын Кулду айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнуктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Кулду айылына уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
- Күлдү айылындагы Мөмө-жемиштерди кургатуучу цехти бизнес өнөктөшкө убактылуу иштетүүгө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
- Мөмө-жемиштерди кургатуучу цехти мыйзам чегинде ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Мажитовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |