КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 26-отуруму
2023-жылдын 3-ноябры № 26/5
Арпа-Тектир айылындагы № 35 МЧББ мекемесине кошумча 40 орундуу имарат (актовый зал) курууга байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбоору жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы № 35 МЧББ мекемесине кошумча 40 орундуу имарат (актовый зал) курууга байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү долбоорду карап чыгып,2011-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы № 35 МЧББ мекемесине кошумча 40 орундуу имарат (актовый зал) курууга байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү долбоорду карап чыгып,үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 3 354 468 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 354 468сомдук өздүк салымды Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен бөлүп берүү сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу Кимсанбай кызы Гүлзадага жүктөлсүн.
Төрага : | Т .Бегматов |