Редакцияот 07.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨбӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 27-отуруму

2023-жылдын 7-декабры № 27/2

Айыл өкмөтүндөгү маданият тармагындагы эмгектенген кызматкерлердин аткарып жаткан иштери жөнүндө

Айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо,социалдык, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп,талкуулап жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Айыл өкмөтүндөгү маданият тармагындагы эмгектенген кызматкерлердин аткарып жаткан иштери талапка ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленип, канааттандырарлык деп табылсын.

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин айрым бир кетирген кемчиликтерин жөнгө салып, айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо,социалдык, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берүү Арпа-Тектир маданият үйүнүн директору Т.Кыдыркуловго милдеттендирилсин.

3. Арпа-Тектир маданият үйүнүн Гост актысын тез арада бүтүрүп, менчик үйлөр тосуп алган жерлерди аныктап, маданият үйүнө тиешелүү аянтын тактап берүү айыл өкмөт башчы Г.Мадаевге жана жер боюнча адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.

4. Арпа-Тектир маданият үйүнүн айланасын тосууга деп берилген канторанын эски тосмолорунун бардыгын аныктоо жана маданият үйүнүн чатырын алмашуу, жылуулоо, полдорун алмашуу, кызматкерлер отуруучу бир комната куруу жагын тез арада чечип берүү жагы айыл өкмөт башчысы Г.Мадаевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо, социалдык, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага :

Т .Бегматов