АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
Бириккен Ак-Терек айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 20-февралы №2
Бириккен Ак-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Бириккен Ак-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.
Бириккен Ак-Терек айыл аймагынын Ак-Терек айылдык кеңешинин Жаныбеков Канымет Жаныбекович шайланган төрагасынын орун басары деп таанылсын. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Б.Б. Барыктабасов