АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 15-апрели №16
АРИС долбоору аркылуу таштанды чыгаруучу унаа алып жаткандыгына байланыштуу, акча каражатын кароо жѳнүндѳ
АРИС долбоору аркылуу таштанды чыгаруучу унаа алып жаткандыгына байланыштуу, ѳздүк салым 125 000 (жүз жыйырма беш миӊ) сом акча каражатын кароо жѳнүндѳ, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.М.Абдыраевдин маалыматын жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. АРИС долбоору аркылуу таштанды чыгаруучу унаа алып жаткандыгына байланыштуу, ѳздүк салым 125 000 (жүз жыйырма беш миӊ) сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын финансы бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева