Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму

2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/16

Чакмак  айылындагы  Таза-Суу коомдук  бирикмесинин Гүлчө айыл өкмөтүнүн ТазаСуу  муниципалдык   ишканасына биригүү  сунушу   жөнүндө

Гүлчө  айылдык Кеңешинин   7-чакырылышынын кезектеги   19-отуруму, «Гүлчө-Таза-Суу»  муниципалдык ишканасынын жетекчиси Иманахунов  Мажиттин  билдирүүсүн   угуп      жана    талкуулап, КРнын  «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү   өз  алдынча   башкаруу    органдары  жөнүндөгү»      Мыйзамынын      34-беренесинин    2- пунктарынын         негизинде  Гүлчө айылдык   Кеңеши

                                           

   Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.Чакмак айылындагы  Таза-Суу  коомдук бирикмесинин   Гүлчө  айыл өкмөтүнүн  Таза-Суу  муниципалдык   ишканалары бириктирилсин. 

2. Чакмак айылындагы  Таза-Суу  коомдук бирикмесине  караштуу  инвентарь, эмеректер   жана тиешелүү керектелүүчү  бардык буюм-тайымдары    Таза - Суу муниципалдык  ишканасынын балансасына өткөрүү жагы  М.Иманахуновго  жана ФЭБнүн  башчысы М.Тажиковага  милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге  милдеттендирилсин.

4. Кабыл  алынган  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы агрардык  жана жер реформасы жөнүндөгү  маселелер, муниципалдык  менчик,  коммуникация жана жол боюнча  туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                             К.Т.Исмаилов