Редакцияот 19.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрели №19

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 иш кагаздарын бүтүрүүгө акча каражатын кароо жѳнүндѳ

 

            “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде, Кѳл-Тѳр айылдык кеӊеши бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси түзүлүп мамлекеттик  каттоодон өткөрүлүп, мѳѳр алганга, СЭД коштуруп келишим түзгѳнгѳ, иш кагаздарды бүтүрүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин тѳрагасы  Б.Б. Барыктабасовдун  маалыматын угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1.     “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде, Кѳл-Тѳр айылдык кеӊеши бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси түзүлүп мамлекеттик  каттоодон өткөрүлүп, мѳѳр алганга, СЭД коштуруп келишим түзгѳнгѳ, иш кагаздарды бүтүрүүгө: СЭДке келишим түзүүгѳ 1967 сом (бир миӊ тогуз жүз алтымыш жети), печать, штамп алууга  3700 (үч миӊ жети жүз) сом, Тоӊ районунун архиви менен келишим аткарууга Кѳл-Тѳр айылдык кеӊеши менен 2597 (эки миӊ беш жүз токсон жети) сом, Ак-Терек айылдык кеӊеши менен 1605 (бир миӊ алты жүз беш) сом  акча каражаты  каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын финансы бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева