АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 15-апрели №21
Тоң районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн түзүмүн жана
штаттык санын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1 Тоң районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн түзүмү жана штаттык саны тѳмѳнкүдѳй бекитилсин:
№ | Кызматтык орундар | Бирдиги |
|
1. | Айыл өкмөтүнүн башчысы
| 1 |
|
2. | Башчынын орун басары - жооптуу катчы
| 1 |
|
3. | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
| 1 |
|
4. | Жерге жайгаштыруу, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис
| 1 |
|
5. | Айыл чарба жана мал чарбаcы боюнча башкы адис (жайыт, таза суу, сугат суу маселелери)
| 1 |
|
6. | Инвестицияларды тартуу, мамлекеттик сатып алуулар жана чыгашалар боюнча башкы адис
| 1 |
|
7. | Социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адис
| 1 |
|
8. | Кирешелер жана статистика боюнча жетектөөчү адис
| 1 |
|
9. | Иш кагаздарын жүргүзүүчү-архивариус боюнча жетектоочу адис
| 1 |
|
10. | Cанариптештирүү жана IT технология боюнча адиси | 1
|
|
11. | Аскердик эсепке алуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис | 1 |
|
Баардыгы: |
11 |
| |
2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ш.О. Куренкеева милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева