ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 19/19
Гүлчө айылынын тургуну Шарабидинов Улукбекке Курманжан датка сейил багынан келишимдин негизинде убактылуу ижарага жер берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 19-отуруму, Гүлчө айылынын тургуну Шарабидинов Улукбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка эс алуу багынан келишимдин негизинде Шарабидинов Улукбекке убактылуу ижарага жер берилсин.
2. Тиешелүү токтом боюнча иш-кагаздарын тактап, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адис Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С . Исаевге милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер жана жер реформасы , муниципалдык менчик, коммуникация жана жол маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Т.Исмаилов