Редакцияот 06.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 43-cессиясынын

2024-жылдын 6-сентябры № 43/161

Кызыл-Кыя шаарынын аймагынын чек арасы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы (мындан ары “Кыргызмамжердолбоор”) тарабынан түзүлгөн Кызыл-Кыя шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат,  религия (диний)  жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын             6-сентябрындагы №38 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын             2024-жылдын 6-сентябрындагы №01-8/2483 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын территориалдык аймактык чек арасы бүгүнкү күнгө чейин аныкталбаганы жана чек араны аныктап, бекитип берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бир нече жолу кайрылуулар болгону белгиленсин.
  1.  “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган       Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймактык чек-арасынын схемалык картасы Кызыл-Кыя шаарынын бүгүнкү күндө  анык (фактически) иш жүзүндө колдонуп келген аймактык чек-арасына дал келбегендигине байланыштуу     Кызыл-Кыя шаардык кеңеши бул схемалык картага макул эместигин билдирет.
  1. Баткен облустук административдик сотунун 2024-жылдын 29-мартындагы             АД-198/2022МБа чечимин, Баткен облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 29-июлундагы АД-198/2022МБа,      А-Ба-06-36-24-АД аныктамасын эске алуу менен жана Кызыл-Кыя шаарынын  бүгүнкү күндө анык (фактически) иш жүзүндө колдонуп келген чек ара аймагына негиз  Кызыл-Кыя шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын кайрадан түзүү жагы Баткен облусунун административдик аймактык реформаны жүргүзүү комиссиясынан жана “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынан суралсын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний)  жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Калматов