Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 15-августу № 19-9-4

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балансында турган кызматтык турак үйлөрдү Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 09.08.2023-жылдын Чыг. № 01-14-394 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІⅩ чакырылышынын ⅩІⅩ кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице мэри Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балансында турган төмөнкү кызматтык турак үйлөрдү:

- Майлуу-Суу ш. З.Кутманова көчөсү № 5-а жалпы аянты -1000,0 ч.м. болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 2 турак үйү иш жүзүндөгү имараты менен, идентификациялык коду 3-13-03-0049-0043;

- Майлуу-Суу ш. Ленина көчөсү № 135б жалпы аянты -800,00 ч.м., болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 1 турак үйү иш жүзүндөгү имараты менен, идентификациялык коду 3-13-03-0044-0009;

- Майлуу-Суу ш. Заводская көчөсү № 33 жалпы аянты -1700,0 ч.м., болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 2 турак үйү иш жүзүндөгү имараты менен, идентификациялык коду 3-13-03-0049-0086.

Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.

4. Ушул токтомкатталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 Шаардык Кеңештин төрагасы

Н. Бостонов