Редакцияот 06.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2024-жыл 25-апрели  №01-5/207

 

Статист-экономист жетектөөчү адис кызматынын айлык

маянасын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын статист-экономист жетектөөчү адистиги 2024-жылдын апрель айына чейин Республикалык бюджеттен каржыланып келгендигин, Кыргыз Республикасында айыл аймактарын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Республикалык бюджеттен каржылоо токтотулгандыктан жергиликтүү бюджеттен каржылоону суранган шаардык мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып токтом кылат:

 

 

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.

 

2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын статист-экономист жетектөөчү адистиги кызматына жергиликтүү бюджеттен айлык акысын каржылоого 2024-жылдын апрель айынан баштап уруксат берилсин.

 

3. 2024-жылдын апрель айынан тартып салык, соц. фонд төлөмдөрүн кошо эсептегенде 514 754(беш жүз он төрт миң жети жүз элүү төрт) сом акча каражатты, жергиликтүү бюджеттин жыл ичинде ашыкча түшкөн киреше булактардын эсебинен жана такталган планга ылайык бөлүнүп берилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

 

5.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.А.Абдуразаков