КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жыл 25-апрели №01-5/209
Иш-пландын пунктарын алып салуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 25-январында № 01-5/192-токтому менен бекитилген Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жылга түзүлгөн иш-планынан 2 пункту чыгарып берүүгө жазган шаардык мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 25-январында № 01-5/192-токтомунун 2-пункту менен бекитилген Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жылга аткарылуучу иш-планындагы 12- жана 29-графаларындагы сөздөр толугу менен алынып салынып күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр.А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана кооррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |