Редакцияот 06.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

2024-жыл 4-июну №01-5/212

 

Северная көчөсүндөгү мечитти муниципалдык

менчикке өткөрүп алуу жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын шаарыбыздын Северная көчөсүнүн № 4-дарегинде жайгашкан Камчыбек ажы атындагы мечитти муниципалдык менчикке кабыл алууну суранган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.

 

2. Кочкор-Ата шаарынын Северная көчөсүнүн № 4-дарегинде жайгашкан Камчыбек ажы атындагы мечитти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

 

3. Муниципалдык менчикке кабыл алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоону муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:

 

Н.А.Абдуразаков