Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 токтомуна)
Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында кластерлерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Жобо мамлекет тарабынан колдоого алынган кластерлерди түзүүнүн, мамлекеттик жөнгө салуунун катышуусу менен башкаруу органдарын түзүүнүн, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн темптерин өстүрүү максатында кластерлердин ишин жүзөгө ашыруунун жана уюштуруунун тартибин аныктайт.
2. Кластердин аныктамасы
2. Кластер - атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүнүн жана (же) ишке ашыруунун алкагында функционалдык көз карандылыктын кооперациялык мамилелери менен байланышкан экономикалык иштин субъекттеринин жыйындысы.
Кластердин катышуучусу - иши кластердин тармактык адистешүүсүнө ылайык келген жана кластердин жетекчи органдары менен кластерге катышуу жөнүндө макулдашуу түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган экономикалык иштин субъекти жана уюму.
Кластердин катышуучулары - бир же бир нече чектеш тармактарда өндүрүштүк чынжырча же тармактык адистештирүү менен бириккен экономикалык иштин субъекттери жана уюмдар, алардын биргелешкен иши кошумча нарк чынжырчасы менен байланышкан кооперациясынын жогорку деңгээлинин эсебинен ар бир катышуучунун ишинин экономикалык натыйжалуулугун жана жыйынтыктуулугун жогорулатууга багытталган.
3. Кластердик иштин максаты, милдети жана принциптери
3. Кластердик иштин максаты кластердин катышуучуларынын өз ара аракеттенүү процессинде атаандаштык чөйрөнү түзүү, өнүктүрүү жана колдоо болуп саналат.
4. Кластерлер мамлекеттин катышуусуз рыноктук механизмдердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын экономикалык ишинин субъекттеринин ыктыярдуу демилгелеринин негизинде, ошондой эле белгилүү бир стимулдарды берүүнүн негизинде мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлүшү мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын экономикалык ишинин субъекттеринин ыктыярдуу демилгелеринин негизинде кластер уюштурулган учурда кластердин катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен өнүгүүнүн формаларын жана методдорун өз алдынча аныктайт.
6. Мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча түзүлгөн кластерде кластердин катышуучуларынын артыкчылыктары, максаттары, милдеттери жана курамы, ошондой эле жетекчи органдар тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Кластердик демилгени өнүктүрүүгө эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын же финансы институттарынын салымы катышкан учурда кластердин жетекчи органдарына ошол уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да киргизилет.
7. Бардык параметрлер аныкталгандан кийин - мамлекет менен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кластердин катышуучуларынын диалогунун натыйжасында кластерди өнүктүрүү мамлекеттик чектелген кийлигишүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чектелген кийлигишүүсү аркылуу камсыз кылынат.
8. Төмөнкүлөр кластердин катышуучулары боло алат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган экономикалык иштин субъекти болуп саналган юридикалык жактар, ошондой эле юридикалык жактардын бирикмелери;
2) иши кластердин өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган окуу жана (же) окуу-изилдөө жайлары;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.
9. Кластердин катышуучулары кластердин уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган тартипте кластерди башкарууга катышат.
10. Кластерди башкаруу органдарынын иши кластердин уставы же кластердин башка ички документтери менен жөнгө салынат.
4. Негизги милдеттери
11. Идентификацияланган кластерлерде кыйла жогорку өндүрүмдүүлүктү түзүү.
12. Кошумча нарк чынжырларынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
13. Каражаттарды сарптоодо үнөмдөө жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу эң аз чыгым менен кирешелерди алуу.
14. Бөлүнгөн артыкчылыктуу кластерлерде сырьелук экспорттон жогорку кошумча наркы менен кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө өтүү.
15. Кошумча нарк чынжырчасынын бардык звенолорунда инновацияларды жана алдынкы технологияларды киргизүү.
16. Инвестициялык институттарды колдоо.
17. Кластерлерди инклюзивдүү туруктуу башкаруу институттарын түзүү.
5. Негизги принциптер
18. Жаңы түзүлгөн ишканаларды кошпогондо, рыноктогу үлүшү эң аз 10%. Үлүш кластердин иши башталган мезгилде түзүлгөн деңгээлде да, кластердин иши башталган учурдан тартып 3-5 жыл мезгилде пландалган деңгээлде да аныкталышы мүмкүн.
19. Кластердин курамына кирген катышуучулар тышкы чөйрөнүн субъекттери менен, ошондой эле кооперация эрежелерин жана кластердин кызыкчылыктарын эске алуу менен кластердин алкагында өз ара атаандашат.
20. Кластердин ар бир катышуучусу кластерде белгиленген белгилүү эрежелерди сактоо менен өз демилгеси боюнча анын курамынан чыга алат же алынган ресурстардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, технологиялардын, техникалык жардамдардын жана стимулдардын натыйжасында милдеттенмелерди эске алуу менен кире алат.
21. Катышуучулар кластердин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүү, юридикалык, коммерциялык жана өндүрүштүк-технологиялык өз алдынчалыкты сактоо менен өз ара аракеттенүү боюнча милдеттенмелерди алышат.
22. Кластердин катышуучуларынын ортосундагы мамилелер кластердин жалпы максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүшү керек.
23. Катышуучулар ишти координациялоо боюнча бир катар маселелерди чечүүнү жөнгө салуунун жалпы деңгээлине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен өз ишинде эркиндикти жана көз карандысыздыкты сактайт.
24. Өндүрүштү жүргүзүү методдорун, ар кандай инновациялык процесстерди, ошондой эле кластердик стимулдарды өзгөртүү кластердин бардык катышуучуларына жеткиликтүү болууга тийиш.
25. Кластерге катышуу кластердин катышуучуларынын теңдигин камтыйт. Бул учурда кластердин ресурстарын башкаруу боюнча негизги чечимдер кластердин Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
26. Катышуучулардын ортосундагы ишеним жана өз ара аракеттенүү.