Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик токой фондун пайдалануу
жана тескөө тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2023-жылдын 28-августундагы № 429, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 148, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 , 2025-жылдын 2-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө эрежелерин аныктайт (мындан ары - Тартип) жана Кыргыз Республикасынын токойду пайдалануучу жеке жана юридикалык жактарына жайылтылат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой төмөнкүчө пайдаланылышы мүмкүн:
1) жер иштетүү, чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьену жыйноо;
2) экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоо;
3) токой ресурстарын кайра өндүрүү;
4) токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу жана аңчылык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу;
5) пайдалуу кендерди иштетүү максатында жумуштарды аткаруу (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кендерди иштетүү);
6) көлмөлөрдү пайдалануу;
7) токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү;
8) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында иштерди аткаруу;
9) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Мамлекеттик токой фондунун жерлери функциялык зоналаштырууга (токойду коргоонун категориялары) ылайык токойду пайдалануучуларга конкурстук негизде берилет (мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык чийки заттарды жыйноо, илимий-изилдөө иштери, геологиялык изилдөө, геологиялык чалгындоо иштери жана пайдалуу кендерди иштетүү, ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында токойду пайдалануудан тышкары).
Токойду пайдалануучуларга берилген мамлекеттик токой фондунун жерлеринин өлчөмү жана чеги токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан токой жайгаштыруу долбоорунун, функциялык зоналаштырууга жана картографиялык материалдардын негизинде аныкталат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруу (токойду коргоонун категориялары) жөнүндө жобо токой чарбаны башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Токойду пайдалануучулар мамлекеттик токой фондунун участокторун акы төлөп пайдаланышат, анын эсеби токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын чыгарылат.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдалангандыгы үчүн акы төлөө түрүндө түшкөн каражаттар Токойлордун өндүрүмдүүлүгүн эсепке алуу, коргоо, сактоо, кайра өстүрүү жана жогорулатуу боюнча бюджеттик программанын чараларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке жиберилет.
Мамлекеттик токой фондунун участоктору илимий-изилдөө максаттарында акысыз пайдаланылат.
4. Токойду пайдалануунун натыйжасында алынган токой ресурстарын ташып чыгаруу токой ресурстарын берүү жөнүндө актынын негизинде жүргүзүлөт. Отчеттун формасын жана тартибин токой чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет.
5. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда иш жүргүзүүдө төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жерге жана анын түшүмдүүлүгүнө, ошондой эле айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизген агротехниканы колдонууга;
- өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин бузууга жана сактабоого;
- келишим боюнча берилген аянтка чектеш участокторго терс таасирин тийгизген илимий тажрыйбаларды жүргүзүүгө;
- токой экосистемаларына жана алардын компоненттерине зыян келтирүүгө;
- токойду жок кылууга же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бараткан түрлөрүнүн байырлоо чөйрөсүн деградациялоого алып келүүчү сарамжалсыз пайдаланууга;
- мамлекеттик токой фондунун бөлүнгөн жерлеринде адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга жол берүүгө;
- мал багуу боюнча санитардык-ветеринардык жана зоогигиеналык талаптарды бузуу менен мамлекеттик токой фондунун жерлеринде мал жаюуга;
- малды мамлекеттик токой фондунун жерлеринде малчысыз жаюуга;
- токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын макулдугусуз жер семирткичтерди чачууга;
- капиталдык курулуштарды жана турак-жай коммуналдык чарба объекттерин тургузууга (рекреациялык жана туристтик максаттарда токойду пайдалануудан, көлмөлөрдү жана жер казынасын пайдалануудан, ошондой эле ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду, туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруудан сырткары).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ушул Тартипте пайдаланылган аныктамалар:
агротокойчулук - бадалдарды жана дарактарды айыл чарба өсүмдүктөрү менен айкалыштыруу учурунда алынган артыкчылыктарды пайдаланууга карата комплекстүү ыкма;
токой ресурстарын берүү жөнүндө акт - мамлекеттик токой фондунун аймагынан токой ресурстарын ташып чыгууну белгилеген документ, ал токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары тарабынан ар бир ташып чыгууга берилет;
токой чарбасын жүргүзүү - токойлорду эсепке алуу, коргоо, сактоо жана токой ресурстарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткаруу, ошондой эле токойду пайдалануу;
экинчи даражадагы токой ресурстары - жыгач эмес токой ресурстары, аларга дүмүрлөр, кабыктар, ак карагай, кызыл карагай жана карагай бутактары, жаңы жылдык балатылар кирет;
жапайы өсүүчү азык ресурстары - жапайы өсүүчү мөмө, жемиштер, жаңгактар, козу карындар, бадал өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
жол берилген рекреациялык жүк - белгилүү мезгил ичинде белгилүү аянт бирдигине элдин келүү саны, мында жаратылыш комплексинин туруктуулугу сакталууга тийиш;
мамлекеттик токой фондунун жерлери - мамлекеттик токой фондунун курамына кирген токой жана токой эмес жерлер;
жер иштетүү - айыл чарба өндүрүшү менен байланышкан максатта мамлекеттик токой фондунун токой эмес жерлерин пайдалануу;
токой ресурстары - жыгачтар, экинчи даражадагы токой ресурстары, жапайы өскөн азык ресурстары, дары чөптөр жана токойдун пайдалуу (суу сактоочу, климатты жөнгө салуучу, эрозияга каршы, кыртышты коргоочу, рекреациялык, ден соолукту чыңдоочу, санитардык-гигиеналык) касиеттери;
токой плантациялары - мөмө жана жыгач алуу үчүн жасалма тигилген токой, мөмө-жемиш дарактары;
токойду пайдалануучу - мамлекеттик токой фондунун жерлерин ушул Тартипте белгиленген пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
токой чарбасынын иш-чаралары - токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү боюнча уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплекси;
анча баалуу эмес токой дарактары - курамында ошол токой өскөн шарттарга жана токойдун участогунун максатына шайкеш келген баалуу бак-дарактарды өстүрүү үчүн жетиштүү сандагы дарактардын чарбалык-баалуу түрлөрүнө ээ эмес, реконструкцияланууга тийиш болгон жана экономикалык, экологиялык максаттарга туура келбеген бак-дарактар;
туристтик индустриянын объекттери - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде мейманканалардын жана туристтер жайгашуучу башка каражаттардын, коомдук тамактануу объекттеринин, ден соолукту чыңдоо, спорттук жана башка багыттагы объекттердин жыйындысы;
токой чарбасын жамаатташып жүргүзүүнү башкаруу планы - жамааттардын токой чарбасын жүргүзүүгө зарыл болгон ишин документтик сыпаттоо;
токойду пайдалангандыгы үчүн акы төлөө - мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
токойду пайдалануу программасы - токойду сарамжалдуу максаттуу пайдаланууну уюштуруу боюнча ижарачынын ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин токой участогун натыйжалуу коргоону жана сактоону камсыз кылуучу пландалган иш-чараларынын долбоору;
токойду пайдаланууну уюштуруу долбоору - ижарага алынган участоктун планы, архитектуралык-пландалуучу тапшырма (туристтик индустриянын объекттери курулган учурда) жана токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдарын жана жоготууларын эсептөө менен токой жайгаштыруу долбоору камтылган документтердин пакети;
токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү долбоору - жердин породалык курамын, куруу ыкмаларын, технологияларын жана сметалык наркын көрсөтүү менен токой плантациялары жана токой питомниктери курула турган участокту сүрөттөгөн документ;
токойдун тиби - токой өстүрүү шарттарынын жалпы тиби, жыгач түрлөрүнүн бирдей курамы, ярустарынын саны, окшош фаунасы менен мүнөздөлгөн жана бирдей экономикалык шарттарда бир эле токой чарбалык иш-чараларды талап кылган токойдун участогу же токойдун участокторунун жыйындысы;
экологиялык жүк - техногендик таасирин токой экосистемасы көтөрө алуучу жана өзүн калыбына келтире алуучу жол берилген жүк.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
§ 1. Конкурстук комиссия
7. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурс токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы (мындан ары - Уюштуруучу) тарабынан өз алдынча же мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү жөнүндө жеке, юридикалык жактардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик токой фондунун жерлери токойду пайдалануучуларга мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо жөнүндө келишим боюнча берилиши мүмкүн:
- кыска мөөнөттүү ижарага - 5 жылга чейин;
- орто мөөнөттүү ижарага - 25 жылга чейин;
- узак мөөнөттүү ижарага - 50 жылга чейин.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү ижарага берүүдө токойду пайдалануунун бир же бир нече түрүн жүзөгө ашыруу үчүн милдеттүү 5 жылдык сыноо мөөнөтү белгиленет. Токойду пайдалануучу тарабынан ижара келишиминин шарттары аткарылганда, мамлекеттик токой фондунун участогу туура пайдаланылганда жана Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдары сакталганда келишимдин мөөнөтү калган мезгилге мамлекеттик токой фондунун ижара келишимине толуктоо киргизүү жолу менен узартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Конкурстук документтердин пакетин кароо, аларды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн Уюштуруучу конкурстук комиссияны түзөт жана конкурстук комиссиянын курамын (мындан ары - Комиссия) бекитет.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга тийиш жана 5тен (беш) кем эмес, бирок 9 (тогуз) адамдан ашпашы керек.
Уюштуруучу ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардан Комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлер жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө суратат.
Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер соттуулугу жок жана токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жетекчилиги менен жакын туугандык мамиледе болбогон Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
Бир эле адам 3 жолудан ашык комиссиянын мүчөсү боло албайт.
10. Комиссиянын курамын Уюштуруучу 1 жылдык мөөнөткө бекитет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Уюштуруучунун (40%), мамлекеттик токой фондунун жерлерин балык кармоо же балык өстүрүү үчүн берүүдө суу биоресурстарын өстүрүү жана/же көбөйтүү маселелери боюнча балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү сөзсүз катышат;
- мамлекеттик токой фондунун конкурска коюлуучу жерлеринин жайгашкан ордуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (20%);
- Уюштуруучунун жана мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун алууга талапкерлердин кызыкчылыгын көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдардын (40%);
- (Абзац 5 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Комиссиянын төрагасы биринчи жыйналышта Комиссиянын мүчөлөрүнүн ачык добуш берүү жолу менен 1 жылдык мөөнөткө шайланат. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын директору Комиссиянын төрагасы боло албайт.
Комиссиянын жыйналышын Төрага алып барат. Ал жок учурда жыйналышта шайланган комиссиянын мүчөсү жыйналышты алып барат.
Комиссиянын катчысы Уюштуруучунун өкүлү болуп саналат, ал Комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
12. Комиссиянын мүчөсүн курамдан чыгаруу жөнүндө чечим Уюштуруучу тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын ишине кийлигишүү болсо;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызыкчылыктардын кагылышуусу болсо;
- берилген арыздын негизинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын жыйналышы каралуучу маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протоколго жазылат жана ага Комиссиянын жыйналышка катышып отурган бардык мүчөлөрү кол коёт.
Эгерде Комиссиянын жыйналышына анын 2/3төн кем эмес мүчөлөрү катышса, Комиссиянын жыйналышы укуктуу катары таанылат. Комиссиянын чечими Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечилет. Добуштардын тең чыгуусунда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
§ 2. Конкурстук документтердин пакети
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Конкурстук документтердин пакетине төмөнкү документтер кирет:
1) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
- токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
- токойду пайдалануу программасы;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (бар болсо);
- соңку ай үчүн карыздын жоктугу жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;
- токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
- токойду пайдалануу программасы.
Токойду пайдалануу программасы: аталышын, максаттарын жана милдеттерин; негизги аткаруучулардын тизмесин; ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана этаптарын; инвестициялык жана башка сунуштарды; ишке ашыруудан күтүлгөн акыркы натыйжаларды камтууга жана токойду жайгаштырууда белгиленген токой чарба иш-чараларын эске алууга тийиш.
Конкурстук документтерде өчүрүүгө жана оңдоолорго жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Катышуучу ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук документтердин пакетин Комиссиянын ар бир мүчөсү үчүн зарыл болгон нускада тариздейт, алардын бир нускасы - түп нуска, калганы - Катышуучу күбөлөндүргөн көчүрмөлөр. Конкурстук документтер конвертке чапталат, ал Комиссиянын катчысына тапшырылат.
§ 3. Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү
16. Конкурстук процесс жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган датадан тартып башталат.
Уюштуруучу конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну ЖМКда, токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жана конкурска коюлуучу мамлекеттик токой фондунун жерлеринин жайгашкан жерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтында, маалымат такталарында конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 календардык күндөн кеч эмес жайгаштырат.
Конкурстук жарыялоо төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- токойду пайдалануунун түрүн;
- токойду пайдалануу пландалып жаткан мамлекеттик токой фондунун жерлеринин кыскача мүнөздөмөсүн;
- конкурстук документтерди тапшыруунун соңку мөөнөтүн;
- конкурсту өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Конкурстарга менчигинин түрүнө карабастан, ага катышуу үчүн бардык зарыл шарттарды аткарган жана токой чарбасына карызы жок жеке жана юридикалык жактар (мындан ары - Катышуучу) катыша алат.
Конкурска катышууга ниеттенген катышуучу конкурска катышуу үчүн эркин формада жазуу жүзүндөгү билдирмени берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ЖМКда жарыяланган күндөн жана конкурска катышуу жөнүндө Катышуучулар билдирме берген күндөн тартып башталат жана 30 календарлык күн өткөндөн кийин аяктайт.
19. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген билдирмелерди кабыл алууда конкурстук документтер салынган конверттерди кошо кабыл алгандыгы жөнүндө Катышуучуларды кабарлайт жана эч кандай жазуулары жана белгилери жок кабыл алынган конверттерди мөөр менен күбөлөндүрөт.
Катышуучу берген документтер менен келип түшкөн конверттер Комиссиянын катчысында сакталат.
§ 4. Конкурска катышуудан четтетүү
20. Эгерде конкурска катышууга билдирмелер эрежелерди бузуу менен берилген болсо, Катышуучу бул билдирмелерди четке кагууга укуктуу. Жаңы билдирме берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кайра таризделиши жана берилиши мүмкүн.
21. Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген билдирмелер конкурска катышууга кабыл алынбайт.
Катышуучуну конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө чечим Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- эгерде Катышуучу белгиленген талаптарды бузуу менен конкурстук документтердин пакетин талаптагыдай эмес тариздесе;
- эгерде Катышуучу жөнүндө маалыматтарда туура эмес маалыматтар камтылса;
- эгерде Катышуучунун салыктар жана төлөмдөр боюнча карыздары болсо;
- эгерде Катышуучунун мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо жөнүндө келишими бар болсо (мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жаңгакты жыйноо максатында токойду пайдаланууда);
- эгерде келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Катышуучу менен мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо келишими мурда бузулган болсо.
§ 5. Конкурстук документтерди баалоо тартиби жана жеңүүчүнү
жарыялоо
22. Конверттер конкурстун катышуучуларынын катышуусунда Комиссия тарабынан ачылат.
Комиссиянын катчысы конкурстук документтери бар конверттерди ачуунун протоколун жүргүзөт.
23. Талапкерлерди кароодо Токойду пайдалануу программасынын сапаты жана мазмуну бааланат. Токойду пайдалануунун билдирмедеги түрү боюнча тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Токойду пайдалануу программасы Токой программасын баалоонун методикасына ылайык төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) Программанын токойду пайдалануунун түрлөрүнө, токой экосистемасын жана биотүрдүүлүктү сактоого шайкеш келиши;
2) Программанын толуктугу, логикага негизделгендиги жана жеткиликтүүлүгү;
3) Программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрүнүн жана этаптарынын тактыгы, ошондой эле күтүлүп жаткан түпкү натыйжалардын тактыгы;
4) Программаны ишке ашыруунун практикалык мүмкүндүгү жана экономикалык натыйжалуулугу;
5) Программанын социалдык-экономикалык багытталгандыгы.
231. ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган мамлекеттик токой фондунун жерлерин өткөрүп берүү ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан өткөрүлүүчү конкурстук тандоонун негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Токойду пайдалануу программасынын критерийлерин баалоо методикасы токой чарбасын башкаруунун республикалык органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
25. Комиссиянын чечими токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын расмий сайтында жана/же маалымат тактасында Комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жайгаштырылууга тийиш.
Комиссиянын чечими токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
26. Конкурстун Катышуучулары тарабынан Комиссиянын чечими конкурстун натыйжалары жарыялангандан кийин он күндүн ичинде соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин конкурстун Катышуучуларынын даттануулары конкурстун Уюштуруучусу тарабынан каралбайт.
27. Сот тарабынан конкурстун натыйжалары анык эмес деп таанылган учурда экинчи конкурс мурдагы конкурстун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
28. Конкурстун катышуучуларынын зарыл саны жок (эки катышуучудан аз) болгон учурда анык эмес деп таанылган конкурс өткөрүлгөндөн кийин жыйырма календарлык күндөн кечиктирилбестен экинчи конкурс жарыяланат.
Экинчи конкурста катышуучулардын зарыл саны жок болгон учурда экинчи ирет өткөрүлгөн конкурска катышкан адам жеңүүчү деп табылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Комиссиянын оң чечими мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо келишимин түзүү үчүн негиз болуп саналат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо укугу тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып пайда болот.
Эгерде жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тартса, келишим конкурстун натыйжасы боюнча кийинки орунду ээлеген Катышуучу менен түзүлөт.
3-глава. Ижаралоо келишиминин шарттары
30. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жетекчилиги бекиткен Комиссиянын чечиминин негизинде түзүлөт.
Ижаралоо жөнүндө келишим типтүү форма боюнча түзүлөт, аны токой чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет.
Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада жазуу жүзүндө түзүлөт. Үч жыл же андан көп мөөнөткө түзүлгөн Мамлекеттик токой фондунун жерин ижарага берүү келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) табигый кырсыктардын кесепетинен мамлекеттик токой фондунун абалынын өзгөрүшү, анын натыйжасында токойду пайдаланууга мүмкүн болбой калса;
2) мамлекеттик токой фондунун жерлеринин категориясынын өзгөрүшүнүн натыйжасында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун талаптарынын жана тартибинин өзгөрүшү;
3) коомдук муктаждык үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринин жарым-жартылай алынышы;
4) мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугунун үчүнчү жакка берилиши.
32. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) пайдалануу укугу мамлекеттик токой фондунун жерлеринин бөлүгүн өз алдынча жер участогуна бөлүп берүү менен үчүнчү жакка берилгенде;
2) мураскерлери болбогон токойду пайдалануучу каза болгондо;
3) токойду пайдалануучу мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугунан ыктыярдуу баш тартканда;
4) табигый кырсыктын кесепетинен мамлекеттик токой фондунун жерлерин андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондо;
5) юридикалык жак жоюлганда;
6) мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо жөнүндө келишим бузулганда;
7) коомдук муктаждык үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлери алынганда;
8) токойду пайдалануучу тарабынан келишимдин шарттары жана/же Токойду пайдалануу программасы аткарылбаган учурда, ошондой эле токойду пайдалануу акысын бир жолу өз убагында төлөбөгөндө токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын чечими;
9) токойду пайдалануучу жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы же келишимдин шарттарын жана/же Токойду пайдалануу программасын аткарбагандыгы жөнүндө соттун чечими болгондо;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) сот тарабынан конкурстун жыйынтыктары жараксыз деп табылганда;
12) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 1 жылдын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) субъекттеринде техникалык-экономикалык негиздеменин жана ырасталган каржылоо булагынын жоктугу;
13) токой фондунун жерлерин алгандан кийинки 2 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтердин жоктугу;
14) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 3 жылдын ичинде ЭКБ субъекттери курулуш иштерин жүргүзбөгөн учурда;
14-1) ЭКБ субъекттери тарабынан аткарылуучу курулуш иштерин жүзөгө ашыруу мезгилинде, берилген жер участогун же ага болгон укуктарды үчүнчү жактарга курулуш аяктаганга жана объект ишке киргизилгенге чейин берүүгө жол берилбейт.