Редакцияот 29.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 29-июлу  № 34/3

Кум-Дөбө айыл аймагындагы суу топтоочу БСРлерди жана каналдарды муниципалдык менчике өткөзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын   6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу  органдары  жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кум-Дөбө  айыл аймагындагы  суу топтоочу БСРлер жана каналдар Муниципалдык менчикке өткөрүп алынууга макулдук берилсин.

2.   Кум-Дөбө  айыл аймагындагы  суу топтоочу БСРлердин жана каналдардын кызыл китептери алынып, Кочкор райондук  суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин. 

3.   Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.

4.   Токтомдун аткарлышын көзмөлдөө жагы Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М. Чолпонкулов