Редакцияот 06.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XIII сессиясы

 

2024-жылдын 6-майы  №13/6

Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Тоголок-Молдо № 37 көчөсүндө жайгашкан 4-01-11-1001-0113 окшоштук кодундагы  жана Мусакожо №61/1 көчөсүндө жайгашкан 4-01-11-1001-0675 окшоштук кодундагы эки мечиттин жер аянтарын бириктирүү жөнүндө

Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин 6-май 2024-жылдагы №13/6 кезектүү сессиясы                                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Тоголок-Молдо айыл  өкмөтүнүн мечитке чыгарылган   25.01.2007-жылдагы №6 сандуу буйругунун  баардык пунктары  күчүн  жоготту  деп табылсын.

2. Тоголок-Молдо айыл аймагынын  Кара-Ой айылынындагы  Мусакожо №61/1 көчөсүндө жайгашкан     4-01-11-1001-0675 окшоштук кодундагы 0,50 га жер аянты жана Тоголок-Молдо № 37 көчөсүндө жайгашкан 4-01-11-1001-0113 окшоштук кодундагы  0,05 га  жер аянттарын бириктирип,    жалпы  0,55 га жер аянты айыл өкмөтүнүн  муниципалдык мечитинин менчиги  болуп бекитилип берилсин.

3. Бириктирилген муниципалдык мечиттин 0,55 га жер аянтынын ичинен мечиттин менчигине 0,30 га жер тилкеси берилсин. Калган 0,25 га муниципалдык жер аянты социалдык керектүү курулуштар үчүн бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына  милдеттендирилсин.

Төрага:

Ж.Турдубеков