Редакцияот 23.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 25-апрели №25                                                                         Кара-Коо айылы

 

Ак-Терек айыл аймагындагы долбоорлорго 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

        

          Ак-Терек айыл аймагындагы долбоорлорго акча каражатын кароо боюнча, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы                                         К. Абдыраевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1.    Ак-Терек айыл аймагындагы долбоорлорго 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.   

 

2.    Аппараттын теӊдѳѳчү гранттан эмгек акыга каралган акча каражатын 1 500 000 (бир жарым миллион) сом аппараттын 22154900 беренесине жылдырылсын. («Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун тарабынан Кызыл-Туу айылына салына турган социалдык имараттардын долбоорун даярдоо үчүн дагы каралсын)

3. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева